• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты, ошондой эле Министр Р.Казакбаевдин жакында Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий