• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Руслан Казакбаев Стамбулда ТМККнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 11.11.21​. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Стамбул шаарында Түрк кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин/ТМКК) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу тарыхый окуя болуп калууга жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн жаңы доорун ачууга өбөлгө боло турган ТМКК 8-саммитинин алдында Стамбул шаарында болуп өттү.

Тараптар Түрк кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, жашыл технологиялар, акылдуу шаарлар жана санариптештирүү темаларына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р Казакбаев өз сөзүндө бул жыл бир катар түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен өтүп жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы түрк интеграциясын бекемдөөгө өз салымын кошууну уланта тургандыгына ишендирип кетти. Түрк кеңешинин каржы-экономикалык кризистерди, коронавирус пандемиясын, экологиялык жана башка гуманитардык көйгөйлөрдү жеңүүдө мүчө мамлекеттерге жана байкоочу мамлекеттерге көмөк көрсөтүү боюнча иш-аракеттерин интенсификациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

​ТМКК ТИМК отурумунун алкагында жаңыланган Аксакалдар кеңеши жөнүндө жобо, түрк дүйнөсүнүн шаарларына өзүнчө макам ыйгаруу жөнүндө жобо бекитилип, каржы маселелери каралды.

​Мындан тышкары, 2021-жылдын 12-ноябрындаСтамбул шаарында ТМКК мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери уюмдун мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна коюлган бир катар документтерди жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий