• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Венгрия ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кечээ, 5-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма соз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев П.Сийяртону 2022-жылдын 3-апрелинде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоодо «ФИДЕС» башкаруучу партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Министр Р.Казакбаев «ФИДЕС» партиясынын жеңиши – Венгрия элинин колдоосунун маанилүү белгиси жана Венгриянын улуттук кызыкчылыктарын коргоодогу жан аябас эмгектин татыктуу натыйжасы экенин белгиледи. Р.Казакбаев Петер Сийяртого жана анын кесиптештерине мындан аркы жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл боло тургандыгы белгиленди. КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртону Кыргызстанга иш сапары менен келип, анын алкагында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Венгриянын «WizzAir» авиакомпаниясы тарабынан Будапешт-Бишкек-Будапешт түз аба каттамын тез арада ачуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Бул рейс Кыргызстандан Европа Биримдигине мүчө мамлекеттин борбор шаарына биринчи түз каттам болот.

Мындан тышкары, тараптар Түрк мамлекеттер уюмунун жана Вышеград тобунун алкагында кызматташуу маселелерин, атап айтканда, быйыл Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун - Вышеград тобунун мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү боюнча венгер тараптын демилгесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий