• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы иштер министри менен тар чөйрөдө жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин КРга расмий иш сапары менен келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушууда Казакбаев Кыргызстан жана Венгрия – дос өлкөлөр экенин белгиледи. “Биз биздин өлкөлөрдүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүк бар экенине абдан кубанычтабыз. Ортодогу мамилелер мындан дагы жогорку деңгээлге жетет деп үмүттөнөбүз. Учурдан пайдаланып Венгриянын жетекчилигине жана жеке сизге пандемия учурунда берилген гунитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Коргоо министрлигине Аскер госпиталы үчүн суу тазалоочу шаймандар түрүндө көрсөтүлгөн жардам үчүн да ырахмат, бул биздин Коргоо министрлигине дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты сактоо операцияларына катышууга чындап жардам берет. Биз ортодогу эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди жогору баалайбыз”,-деди министр.

Өз кезегинде Петер Сийярто Кыргыз Республикасында эки тараптын стратегиялык өнөктөштүккө түрткүн бере алгандыгына абдан кубанычтамын деп белгиледи. “Стратегиялык кеңешти түзө алганыбызга абдан кубанычтамын жана жигердүү кызматташтыкты жана иштерди күтөбүз. Бүгүн биздин мамилелер мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт, анткени өнүгүү фондун түзүү аркылуу биз технологиянын жардамы менен Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошо алабыз. Ал эми мен сиздердин рынокто дагы венгриялык бизнестин көбөйүшүнө үмүт кылам”,-деди Сийярто.

Пикир

Оставить комментарий