• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Руслан Казакбаев жана Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь кызматташтык жолдорун талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кытай тараптын демилгеси менен өттү.

Казакбаев менен Ду Дэвэнь Украинадагы учурдагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тараптардын позициялары боюнча пикир алмашты, ошондой эле чыр-чатакты тынчтык жол менен тез арада жөнгө салууга үмүттөнүштү.

​Жолугушууда КР президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын (2022-жылдын 3-6-февралы) жыйынтыктары талкууланды.

Тараптар КР президенти менен Кытайдын төрагасынын эки тараптуу жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн баса белгилешти. Иш сапардын жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий