• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Руслан Казакбаевдин төрагалыгы астында КР ТИМинин коллегиясынын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кечээ, 22-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгы астында жана КР президентинин, Жогорку Кеңешинин жана өкмөтүнүн профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле КР ТИМ коомдук кеңешинин катышуусунда КР Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө КР ТИМинин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2021-жылдагы иштеринин негизги милдеттери каралды, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ведомствого караштуу уюмдардын жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчилеринин отчеттору угулду.

Министр үстүбүздөгү жылдагы КР ТИМинин ишмердүүлүгүнүн, анын арасында COVID-19дун жайылышына байланышкан министрликтин ишинин бир кыйла маанилүү натыйжаларын белгиледи. Атап айтканда, пандемия шартында саламаттык сактоо системасын жана башка бир топ жабыркаган экономиканын секторлорун колдоо үчүн гуманитардык жана техникалык жардамдар боюнча иштер белгиленди. Пандемия башталгандан тартып өлкөдөгү негизги медикаменттердин жана тиешелүү жеке коргонуу каражаттардын жана башкалардын жетишсиздигин жоюу үчүн гана алдын ала эсептөө боюнча жалпы 95 425 735 АКШ доллар суммасында тышкы гуманитардык жардамдар тартылган. Чет өлкөлүк өнөктөштөрүнүн жардамы өпкөнү жасалма желдетүү аппараттарды, кычкылтек концентраттарды, тест-системаларды, лабораториялык тесттер үчүн реагенттерди, ПЧР тесттерди, жеке коргонуу каражаттарды жана башка медициналык жабдууларды берүү болгон.

Мында Тышкы иштер министрлиги КР Финансы министрлигине COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана аны алдын алууда гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да сырттан жардам тартуу аркылуу жардам көрсөттү. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан донорлор менен 774,4 млн АКШ доллар суммасына макулдашуу жетишилди, анын 343,3 млн доллары сырттан келген финансылык жардам болуп, анын ичинде 271,3 млн АКШ доллары насыяга берилсе, 72,0 млн АКШ доллары грант катары берилди.

Мындан тышкары, министр Руслан Казакбаев өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ТИМдин аткарган иштеринин маанилүүлөрү жөнүндө, атап айтканда, чет өлкөдөн КР жарандарынын алып келүүгө көмөк көрсөткөнү, азык-түлүк коопсуздугун сактоо, тышкы карызды кайра түзүмдөштүрүүгө жана ал боюнча төлөөнүн мөөнөтүн жылдырууга көмөктөшкөнү боюнча маалымдады. Жалпысынан алганда акыркы айларда Сауд Арабия Падышалыгы, БАЭ, Кувейт жана ГФР, Франция, Корея, Япония, Түркия, Дания, КЭР алдындагы тышкы карыздарды тейлөөнү убактылуу токтото туруу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Министр экономикалык жана экологиялык дипломатия, КРнын региондорунун өнүгүшүнө көмөктөшүү, Борбордук Азия региондорунда интеграциялык процесстерди кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүктөрдү бекемдөө, актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча КРнын тышкы саясатынын негизги багыттарын белгиледи.

Коллегияда, келерки жылга пландалган иш-чаралардын маселелери, анын ичинде алдыда болуучу КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга карата КРнын чет өлкөлүк мекемелерин даярдоо, ошондой эле 1963-1980-жылдары Кыргыз ССРнин тышкы саясий ведомствосуна башчылык кылган, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана дипломат С.Бегматованын 100 жылдык юбилейине карата министрликтин иши кеңири каралды.

Пикир

Оставить комментарий