• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Руслан Казакбаев Тажикстандын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу тажик тарабынын демилгеси менен уюштурулду. Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды. Апрель айында болгон кайгылуу окуялардын контекстинде министр Руслан Казакбаев достук мамилелерин бекемдөөгө жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышууларды болтурбоого өбөлгө түзүүгө чакырылган Бишкектеги жана Душанбедеги эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жоопкерчиликтерин жана дипломаттардын алдыңкы ролун өзгөчө басым менен белгиледи.

Министр Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынан өтүүсүн кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен сүрөттөө боюнча практикалык натыйжаларга жетишүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле эки мамлекеттин аймактарында Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу туруусуна тиешелүү маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий