• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Руслан Царев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду

Спорт 0


Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Руслан Царев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Царев коло медаль үчүн кармашта болгариялык Аик Мнацаканянды 3:0 эсебинде жеңип алган. Ошондой эле коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык Балбай Дордоков (55 кг) жана Халмурат Ибрагимов (67 кг) утулуп калган.

Белгилей кетсек, кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда финалга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий