• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Русланбек Жакышев БШК төрагасынын орун басары болду

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Русланбек Жакышев Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) төрагасынын орун басары болду.

Добуш берүүгө 41 депутат катышып, алардын 40ы “макул” болуп, бирөө карманып койгон.

Жакышев Русланбек Шергазиевич – 1974-жылы 19-мартта төрөлгөн.

Эки жогорку билим бар, КТУну, КУУну аяктаган: инженер, юриспруденция.

Учурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат. БШКнын депутаты болуп эки жолу шайланган.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий