• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

Рустам Иноятов Өзбекстан президентинин кеңешчиси кызматынан алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Рустам Иноятов 2018-жылдын августунан бери аркалап келген укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери боюнча президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Азырынча Иноятовдун кызматтан алынышынын себептери белгисиз. Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов анын ордуна бул кызматка Бахтиёр Исламов дайындалганын билдирди.

76 жаштагы Иноятов Өзбекстандын атайын кызматын дээрлик 23 жыл — 1995-жылдын июнь айынан 2018-жылдын январь айына чейин жетектеген. Ал өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин өкмөттө узак убакыт иштеген мамлекеттик ишмерлердин бири.

Пикир

Оставить комментарий