• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 29-мартында кабыл алынган.

Аталган долбоордун алкагында Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттыруу, кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалын күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл мал чарба секторунда агроөнөржай комплексиндеги продукциянын атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу боюнча кошумча финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү катары 25,4 млн АКШ долларын берет. Макулдашуунун шарттары боюнча 12,7 млн АКШ доллары – кредит, ал эми 12,7 млн АКШ доллары – грант катары берилет.

Аталган долбоордун максаты - жайыт жамааттарында кирешелерди көбөйтүүгө жана
экономикалык өсүшүн жогорулатууга жардам көрсөтүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий