• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Рысбекова жашы жете элек кызы менен таксиде иштөөгө аргасыз болгон жалгыз бой адамдан кабар алды

Президент 0

Бишкек, 11.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Свердлов райондук администрациясынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов районунун райондук билим берүү башкармалыгынын жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте жашоо шартынын оор абалына байланыштуу жашы жете элек кызы менен таксиде иштөөгө аргасыз болгон жалгыз бой адам менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда жаран ал туш болгон оор кырдаал, социалдык коргоо жана бала бакчага берүүгө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Жыпариса Рысбекова Н. Мухамеджановго аталган маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин, мындай оор акыбалдан чыгаруу үчүн аларга укуктук, медициналык, социалдык жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлөрүн билдирди.

Ошону менен бирге Н.Мухамеджановго кызын түнкүсүн жумушка жанына алып жүрүүгө жол берилбестиги жана баланын дени сак чоңоюшу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү кызматтарга үй-бүлө менен жекече иш алпаруу планын түзүү, балага бала бакчадан орун берүү жана мамлекеттик жөлөкпул дайындоо маселелерин чечүү жана үй-бүлөнү Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан социалдык колдоого алуу жаатындагы иштерди тез арада уюштуруу жана башка маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий