• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сүйүү күнүндө Кыргызстан боюнча 175 түгөй баш кошушту

Коом 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) караштуу Калкты жана жарандык абал актын каттоо департаментинин “ЗАГС” автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматына караганда, быйыл 14-февралда Кыргызстан боюнча 175 сүйүшкөн түгөй нике каттоосунан өтүштү, алардын ичинен 17 түгөй Бишкектен. Бул тууралуу КР МККнын басма сөз кызматынан билдирди.

МККнын маалыматына караганда, 2016-жылы республика боюнча 48 миң 936 нике катталган. Ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 51 миң 858ди түзүп, 2016-жылга караганда 2 миң 922ге көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий