• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүрзаков Арка-1, Арка-2 айылдарынын элдери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-май күнү КР ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Лейлек районунун чек арага чектеш Арка-1, Арка-2 айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, Сүйүн Өмүрзаков жарандардын коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бул айылдарга коюлган блок постторго барды.

Министрдин биринчи орун басары милициянын кайгуул топтору менен биргеликте чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элдин үйлөрүн кыдырып, коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди жеринде чечүүдө.

Арка-1, Арка -2 айылдарында төгүлгөн шагылдар алынып, автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жолдор дагы тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий