• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин басма сөз кызматын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин басма сөз кызматын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрликтен билдиришкендей, 1984-жылы 18-апрель күнү Кыргыз ССРнин ички иштер министри Жусупбек Акматовдун буйругу менен ички иштер органдарынын алгачкы Басма бюросу бекитилген.

“Өз ишмердүүлүгүн басма бюро жана басма топтон баштаган ИИМдин басма сөз кызматы 37 жыл аралыгында министрликтин бүтүндөй маалыматтык саясатын ишке ашуруу жоопкерчилигин колго алган көп функционалдуу структура болууга жетише алды. ИИМдин басма сөз кызматы региондордогу бөлүктөрү менен биргеликте жооптуу тапшырмаларды ыкчам аткарышат. Басма сөз кызматынын бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм”, - деди Өмүрзаков.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында ички иштер министринин сыйлоо жөнүндө буйругу окулуп, кызматында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды.

Сүйүн Өмүрзаков кызматкерлерге түзүмдүк медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий