• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сүйүн Өмүрзаков жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана министрликтин ички аскерлери менен бирдикте учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап жатат. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда ал Баткен районундагы Кызыл-Бел жана Достук айылдарындагы жергиликтүү тургандар менен жана элдик кошуундун мүчөлөрү менен абалды турукташтыруу максатында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп, коомдук тартипти биргеликте сактоо багытында бардык тиешелүү чараларды көрүүдө.

Ошондой эле жергиликтүү тургандар менен чек арага чектеш аймактарды дагы кыдырууда.

Пикир

Оставить комментарий