• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сүйүнбек Касмамбетов жаңы доордун идеологиясы тууралуу — мамлекеттик катчынын маеги

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. «Кыргыз Туусу» өкмөттүк гезити 2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов менен маегин жарыялады.

— Сүйүнбек Сапарбекович, Сиз жакында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалдыңыз. Коомчулук муну жылуу кабыл алды. Эми түшүндүрүп берсеңиз, бул кызматтын милдеттери, функциялары кандай болот?

— Чынында мындай чечим азыркы мезгилдин зарыл талабы болду деп ойлойм. Президентибиздин жеке демилгеси менен түзүлгөн бул кызмат идеологиялык иштерди радикалдуу жандандыруу максатын көздөйт. Жаңы Баш мыйзамда мындай ниет-аракеттер ачык көрсөтүлүп жатпайбы.

Силер байкагандай, өлкөдөгү көптөгөн кризистердин башаты адам факторуна байланып келди. Пенделерибиздин адепсиздиги, ач көздүгү күч алып, уят-сыйытты унута баштады. Абалтан келаткан салттуу нарк-насилибиздин тамыры бузулуп, мындай көрүнүш кадыресе көнүмүшкө айланып жатканы өтө кейиштүү болчу.

Демек, коом турмушунда адам феномени, анын касиет-сапаты, ой-тилеги орчундуу роль ойной турганы — бул айныксыз аксиома. Көп мезгилден бери мамлекеттик башкаруу системасында адамды тарбиялоо маселесине жооп берген инстанция болгон эмес. Азыр ошол өксүктү жоюу үчүн мамлекеттик катчынын кызматы пайда болду.

— Демек, мамкатчынын ишин идеология маселесине байлап түшүнөт окшодук. Андай болсо, идеология тууралуу кеп кылсак. Анын канчалык азыр мааниси бар?

Идеологиянын уңгусу — идея. Адамзат коомунун басымдуу бөлүгүн ынандырып, аны жаркын максаттарга жетелей турган уңгулуу идеянын болушу — бул социумдун муктаждыгы. Ал коомдук-саясий түзүлүштүн, бийлик системасынын, социалдык-экономикалык турмуштун максатын жана маани-мазмунун аныктайт.

Албетте идеялар көп, бирок көпчүлүктү муютуп, коомду кыймылга келтире турган глобалдуу идеялар саналуу гана. Айталык, социализм, либерализм, консерватизм мына ушундай вазийпага эгедер. Учурунда коммунисттик идеология коомдук турмуштун өзөгүн түзүп, аны ийне-жибине чейин көзөмөлдөп турбадыбы. Ал адамдын аң-сезиминин, руханий дүйнөсүнүн калыптанышына түздөн-түз жооп берүүчү моралдык институт болчу. „Советтик эл“ деп түзүлгөн улуттук жалпылык уникалдуу феномен болгонун эми сезип жатабыз. Тарых тастыктап тургандай, натыйжасы жаман болгон жок да… Канчалаган эрдиктин, эмгекчилдиктин, бийик өнөрдүн теңдешсиз үлгүлөрүн ушул эл жаратпадыбы!

Ал эми акыркы отуз жылда сырттан таңууланган либералдык демократия идеологиясы бизге үстөмдүк кылды. Бирок, ал элибиздин жашоо-турмушунда табигый тамырлай алган жок. Тескерисинче көп жоготууларга дуушар болдук. СССРдин курамында 70 жыл тырмышып жүрүп куруп алган эл чарбасынан ажырадык. Эл алеки саатта бай-кедей болуп ажырымдалып, элдешкис эки тапка бөлүндү. Илим-билим системасы кыйрады, элдин каада-салты, ар-намысы кор болду.

Айтсак, элибиз карама-каршы эки идеологиянын тегирменинде чайналып келди. Кыргызстан азыр адилетсиздиктин сазынан суурулуп чыккандын аракетинде. Либералдык капитализмдин төбөлдөрү, бир ууч олигархиялык-бюрократиялык топ мамлекеттик бийликти да, менчикти да өз колуна алып, массаларды куру жалак калтырган. Ошондуктан эки жолу (2005-ж., 2010-ж.) мамлекеттик төңкөрүш болуп, бирок коомдук-саясий түзүлүш өзгөргөн жок. Белгилүү саясатчы Жумагул Сааданбеков айткандай: „… алардан кескин айырмаланып, 2020-жылдагы октябрь окуялары көнүмүш элдик толкундоолор менен башталып, бүгүнкү күндө, сөздүн оң маанисинде, чыныгы социалдык революцияга айланды“. Чынында эле отуз жылдык тарыхыбызда биринчи жолу либералдык-буржуазиялык коомдук-саясий системанын пайдубалы урай баштады. Мамлекеттик менчикти гана эмес, мамлекеттин өзүн да „менчиктеп“ алган олигархтардын жана бюрократтардын ордуна Президент Садыр Жапаров жетектеген чыныгы улуттук мамлекет кайрадан түптөлүп баштады. Бүгүн коррупцияга, адилетсиздикке каршы күрөш бүткүл элдик кыймылга айланды. Ошондуктан, мамлекетибиздин негизги идеологиясы — социалдык адилеттүүлүктүн идеологиясы десек болот.

— Анда, мамлекеттик менчикти бөлүштүрүүдө куру калып, кедейликке капталган элди бакубат турмушка жеткизели деген изги максат идеологиянын өзөгү болот экен да?

— Бизге азыр жаңы векторлор, жаңы максаттар зарыл. Башкача айтканда, мамлекеттин өнүгүүсүнүн жаңы модели жана ага төп келе турган идеология түзүлүшү шарт. Мында биз кайрадан велосипед ойлоп тапкандай болбошубуз керек. Маселен, дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү ийгиликтүү колдонуп жаткан конвергенция моделин колдонсок болот. Бул өзү социализмдин жана капитализмдин жакшы жактарын кылдаттык менен пайдаланып, жаман жактарын ыргытып таштоо деген сөз.

Белгилүү окумуштуулар Шайлообек Мусакожоев, Карыпбек Алымкулов жазгандай, конвергенттик экономика жеке менчикти, жеке демилгени муунткан тоталитардык социализм да эмес, жалаң кирешени сая кубалаган коммерциялык рынок да эмес. Конвергенттик экономиканын негизги көрсөткүчү — социалдык көйгөйлөрдү жеңүү, элдин бакубат турмушу.

Мисалы Кытай ушул жол менен экономикасын биринчи орунга алып чыкты. Жакында булар жакырчылыктан кутулдук деп бүт дүйнөгө жарыялашты. Ковергенция идеологиясына таянган коомдук-саясий түзүлүштөр азыр Кытайда, Индияда, Индокытай менен Латын Америка өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүндө үстөмдүк кылат. Ошол эле учурда либералдык капитализм орногон Батыштын өлкөлөрү азыр эбегейсиз терең кризиске капталды.

Сүйүнбек Сапарбекович, азыр ким гана улуттук идеология жөнүндө сүйлөбөйт. Айрыкча шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлер ушул теманы курал катары пайдаланышат. Сиздин бул маселе боюнча пикириңиз кандай?

— Мен билгенден, улутка байланышкан дүйнөдө үч идеология бар. Биринчиси — нацизм. Ал өз улутун баарынан жогору санайт да, башка улуттарды жек көрөт, аларды кул катары карайт. Өткөн кылымдын 30-40-жылдарында Германияны кара тумандай каптаган нацизмдин залакасы кандай болгонун билесиңер. Андан жалпы адамзат жабыр тартты.

Экинчиси — фашизм. Ал өз Ата Мекенин башка өлкөлөрдөн бийик коёт, бирок башка элдерди жектебейт. Мисалга Италиянын фашизмин алсак болот.

Үчүнчүсү — улутчулдук. Бул бүт дүйнөдөгү элдердин баарына тийиштүү. Өз жерин аздектөө, өз улутун сүйүү, анын тутунган баалулуктарын барктоо, башка элдерге калыс мамиле жасоо — улутчулдуктун касиеттери. Советтик доордо интернационализм идеологиясы үстөмдүк кылып, улуттарды басмырлап турган. Натыйжада улутчулдукту коомго душман, кара өзгөй, терс көрүнүш катары көрсөтүп коюшкан. Ошондуктан, азыр да улутчулдук десе эски инерция боюнча айрымдардын чочуп кетмейи бар. Улутчулдук эмес, мүмкүн улутмандык десек жарашып, так болор…

— Айтмакчы, Түгөлбай Казаковдун дал ушундай аталышта КТРКда автордук программасы бар эмеспи?..

— Менин оюмча Түгөлбай агабыз чыгаан чыгармачыл инсан катары бул аталышты эң туура тандап алган. Бүгүн мындай берүүлөр биз үчүн аба-суудай керек. Өзүбүздүн кимдигибизди тактап алмайынча, кайсыл жээкке, кантип барарыбызды түшүнмөйүнчө бизге — кыргыздарга кыйын болот.

Чындыгында, улутмандык сиз айткан улуттук идеологиянын өзөгүн түзүп жатпайбы. Эгерде биз көптөгөн башка элдердей чачырап-жоголуп кеткибиз келбесе, мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттук идентүүлүктү сактап калгыбыз келсе — анда бул маселеге кенен жана терең карашыбыз парз. Улутмандыкты жоготпой, аны көтөрүп турган уук-керегелерин, б. а. тилибизди, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды көздүн карегиндей сактап, дүркүрөтө өнүктүрүшүбүз өтө чоң милдет. Бул жерде, абалтан аздектелип келген „адамдык нарк-насил“ деген касиеттин да үлкөн мааниси бар. Орусча „человеческое достоинство“ деген термин ушуга жакын болуш керек. Кыргыздар бийлик-байлык маселесине башкача карап, адамдык бийик парасатты, нарктуулукту жогору койгон эмеспи. Көр дүйнөгө кул болгондорду, ачкөз-сараңдарды, кошоматчы-жагымпоздорду жектеген. Керек болсо, бул нерсе улуттун генетикалык коду деп айтсам да жаңылбасмын…

— Тилекке каршы, так ушул багыттарда биздин иштерибиз катуу аксап турат окшойт. Мисалы, Бишкекте 97 мектеп болсо, 12 эле кыргыз мектеп бар. Буга ким күнөөлүү? Россия келип, ушундай кырдаалды түзүп койдубу?

— Туура баамдап жатасыз. Албетте, моюнга алышыбыз керек, буга толук бойдон кыргыздар өзүбүз күнөөлүүбүз. Баарыдан мурда улуттук идеология деп, басса-турса айгай салып жүргөн интеллигенттер, бюрократтар күнөөлүү. Ушулар өздөрү балдарын орусча мектепте, же чет өлкөдө окутат. Алардын балдары, небере-чөбөлөрү үйүндө орусча сүйлөшөт. Ал эми айылдарда болсо, тескерисинче, чет тилдер, орус, англис тилдери окутулбай жатат. Анан кантип, элибиз „кыргыздар“ жана „киргиздер“ болуп эки топко бөлүнбөйт? Кытайдын, өнүккөн башка өлкөлөрдүн бала бакчаларында жана башталгыч класстарында бүт предметтер жалаң эне тилинде окутулат экен. Биз да, эгер коомчулук колдосо, акырындап ушундай системага өтүшүбүз шарт.

— Глобалдашуу заманында улуттук каада-салттарыбызга, тыштан да, ичибезден да чабуул коюлууда. Бул жаатта эмне ойлорду айтар элеңиз?

— Улуттук идеологияны көп учурда диний фундаментализм, феминизм, гомосексуализм сыяктуу псевдоидеологиялар сүрүп чыгарып жатат. Мисалы, хиджаб кийген кыздарды, саксайган сакал-мурут коюп, арабдарча дамбал кийген жигиттерди коомубуз караманча жактырбайт. Ушул көрүнүштөр кыргыздын эң сонун салттуу кийимдерин, жүрүш-түрүш эрежелерин шылдыңдагандай сезилет. Ошого карабастан айрым дин кызматкерлери хиджабты жактап, биз сыймыктанган спортчу кыздарыбыздын спорттук формаларын одоно кордогонун жакында эле көрбөдүкпү. Биздин улуттук маданиятыбызга, турмуш — тиричилигибизге, каада-салтыбызга Европанын тийгизген таасири чоң. Албетте, прогрессивдүү, жакшы маанидеги жактарын айтып жатам. Муну чансак, анда биз наадандыктын, караңгылыктын сазына батып калабыз. Эгерде биздин турмуштан европалык элементтер кетсе, анык Афганистанга айланып калышыбыз ажеп эмес.

— Андай болсо, мамлекет, анын кайсы бир компетентүү уюмдары тиешелүү иш-аракеттерди уюштурушу абзел эмеспи?

— Албетте. Биз көп улуттуу коомбуз, бирок бир гана элбиз. Анын ичинде кыргыздар — мамлекеттин уюткусу, арка бели. Демек, ушул жерде кыргыздардын улуу вазийпасы турат, ал башка улут өкүлдөрүн — орустарды, өзбектерди, дунгандарды, ж. б. диаспораларды жарандык бүтүндүккө — бир улутка уютуш. Мен этатикалык, б. а. мамлекеттүүлүк маанисинде айтып жатам. Албетте мында эл агартуу системасынын ролу зор. Анын эң башкы милдети — жаш муундарга улуттун өзүн-өзү таануусун, өздүк иденттүүлүгүн калыптай турган гуманитардык билимдерди толук кандуу сиңирүү. Б.а. ар бир кыргызстандык, ал этникалык улуту ким экендигине карабастан, Кыргыз жараны болгондугу үчүн чын жүрөгүнөн сыймык күтүшү керек.

Бул процессти күчөтүүдө кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы сабактары милдеттүү түрдө бардык мектептерде жана ЖОЖдордо кеңири окутулушу зарыл. Ошондо да улуттук маданияттын жана салттарыбыздын бай палитрасын камтый албайбыз. Андыктан, окуу жайларына кыргыз таануу сабагын киргизүүгө муктажбыз деп эсептейм.

Улууну урматтоо, ата-энени сыйлоо, аялзатын кастарлоо сыяктуу көптөгөн салттардын жоголуп баратканына элибиз капа. Айрыкча, улуттук үрп- адаттарыбыз гумандуулук, адамды сыйлоо маңызын жоготуп жатат. Мисалы, тойлор, көркөмдөп айтканда Ала-Тоодой этке, Ала-Көлдөй чыкка, суудай аккан аракка айланып калды. Кыргыз таануу сабагына кеңири кире турган темалар ушулар да.

— Демек, мамлекеттин келечегин ойлосок, ири алды анын өзөк-уңгусун бекемдешибиз керек экен. Ал эми бул милдет, барып-келип мамлекеттик идеология маселесине барып такала тургандыгы туурабы?

— Туура. Мындан ары биз коргонуу идеологиясынан чабуулчу идеологияга өтүшүбүз керек. Ал, улуттук суверенитеттин, улуттук эркиндиктин ыйыктыгын, аларды көздүн карегиндей сактоо керектигин ар бир атуулдан талап кылуубуз зарыл. Бул иште телевидение, кино, театр, интернеттин ролу чоң. Коомдук аң-сезимди, жүрүш-туруштун жакшы үлгүлөрүн ушул инструменттер калыптайт эмеспи. Айтылган мекемелерде, айрыкча телевидениеда радикалдуу, жаңыча өзгөрүштөрдү ишке ашырышыбыз керек. Эч ким чыгармачылык эркиндикке, сөз эркиндигине цензура киргизбейт. Илгеркидей таңууланган идеология болбойт, бирок, журналисттер, маданият кызматкерлери өз Мекенине ак дили менен кызмат кылып, анын алдыга өсүп-өнүгүүсү үчүн адал кызмат кылуусу абзел. Тилекке каршы, алардын арасында суу ичип аткан кудугуна түкүрүп жаткандар жок эмес. Мындай көрүнүшторгө жол бербейли.

Эгер жыйынтыктап айта турган болсом, улуттук саясаттын стратегиясы — ар бир жаранды мекенчилдикке тарбиялоо. Өлкөбүздө жашаган адам, албетте, өзүнүн этностук көрөңгөсүн унутпаш керек. Бирок, ал баарыдан мурда Кыргызстан деген Ата Мекенинин атуулу экенине сыймыктануусу тийиш. Эч ким өзүнүн этносун, же диндик өзгөчөлүктөрүн жашап жаткан мамлекеттин закондорунан жогору коё албайт.

Ошол эле учурда, байлыгына манчыркагандар да, же бийлигине менсингендер да азыркы адамзат коомунун тартип-талабын туура аңдап-туюшу зарыл. Планетаны курчап турган бүгүнкү ааламдашуу заманында Адамдын акыл-ою, үмүт-тилеги бир нерсени чындап сезип-туюуга тийиш.

Ушул жерде заманачы-ойчул Арстанбек атабыздын абалкы эскертүүсү куп келип тургансыйт.

Жылдызды колуң серпсе да,

Жараткандын дүйнөсү,

Бүт колуңдан өтсө да,

Эл менен сен бийиксин,

Элден чыксаң кийиксиң.

Айткандай эле, элден бөлүнүп өзгөчө сөөлөт күтөм, дөөлөт курам дегендердин тагдыры эмне болуп жатканын жакынкы эле тарыхыбыз бир нече курдай көрсөтпөдүбү. Демек, баарыбыз тең терең ойлонуп, адал-ак жашай турган учур келдиби дейм…

— Убакыт таап, учкай маек бергениңизге Сизге чоң рахмат! Изги ойлоруңуз ишке ашып, ийгиликтер коштосун!»

Пикир

Оставить комментарий