• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сүйүнчү! Бишкекте 27 жаштагы келин үч эм төрөдү

Ден соолук 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үчөө тең уул: биринчисинин салмагы – 1,360 кг, экинчиники – 1,280 кг, үчүнчү төрөлгөн баланын салмагы болсо 1 кг.

"27 жаштагы келин табигый жол менен ымыркайларды жарык дүйнөгө алып келди. Дээрлик үй айдай ымыркайлар ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болушту. Азыркы учурда эне-балдардын абалы канааттандырарлык, 9-апрелде чыгышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий