• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сүйүнчү! Бишкекте 4 эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 4 эм төрөлдү (3 кыз, 1 уул). Бул тууралуу "Кабар" агенттигине башкы дарыгердин орун басары Жамиля Марипова билдирди.

Анын айтуусунда, ымыркайлар бүгүн эртең менен жарык дүйнөгө келген.

"27 жаштагы Рысмат кызы Нурайым биринчи жолу төрөгөн. Наристелердин биринчиси - 1 кг 700 грамм, экинчиси - 1 кг 400 грамм, үчүнчүсү - 1 кг 750 грамм, төртүнчүсү - 1 кг 420 грамм. Ымыркайлар ара төрөлгөндүгүнө байланыштуу учурда абалдары оор, реанимацияда. Нурайымдын абалы орточо, керектүү дарыларды алып жатат", - деп билдирди Марипова.

Пикир

Оставить комментарий