• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүндө 31-июлда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу агенттикке төрөт үйүнөн кабарлашты.

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун 30 жаштагы тургуну наристелерди жарык дүйнөгө алып келген. Бөбөктөрдүн энеси жасалма бойго бүтүрүү аркылуу кесарева жолу менен төрөгөн.

Наристелердин биринчиси - 1 кг 745 грамм, экинчиси - 1 кг 680 грамм (уулдар), ал эми кыз - 2 кг 55 грамм.

Эне-балдардын абалы канааттандырарлык экендиги кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий