• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүйүнчү! "Көк-бөрү" оюну ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

Президент 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сабира Солтонгелдиева ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын улуттук баалуулуктарды таанытуу боюнча жумуштары жана пландары жөнүндө маалымдады.

Анын билдиришинче, ЮНЕСКО Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алды.

Мындан тышкары «Көк-бөрү» салттуу ат оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилди.

2017-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун «Көк-бөрү» боюнча кабыл алган чечими ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өлкөнүн эксперттери менен биргеликтеги 4 жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, патронатын берип, «Көк-бөрү» оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгиледи.

«ЮНЕСКОнун патронаты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрөт. Биз ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук кыргыз оюну «Көк-бөрүнүн» деңгээлин көтөрүп, бүт дүйнөгө белгилүү кылып таанытканбыз. «Көк-бөрү» — бул кыргыз элинин байыркы жоокерчилик доорунан бери сакталып келген, кылым карыткан, муундан муунга мурас катары уланган жана бүгүн дагы эл арасына кеңири тараган оюн. Мен дагы бул оюнду ойногом, улам-улам ойногуң келип, өзүнө тартып турат», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын катчылыгына аткарган жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Көк-бөрү» оюнун Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү — бул чоң иш. Анткени бул оюнду өз атынан каттаткысы келген башка өлкөлөр да болгон», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Маалымдама:

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала-кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казахстан), лаваш, катырма, жупка, юфка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), «Көк-Бөрү» салттуу ат оюну киргизилген.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген объектилер: Сулайман-Тоо ыйык тоосу, орто кылымдарга таандык шаарлардын урандылары: Чүй областында — Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) жана батыш Тянь-Шанда — (Сары-Челек, Падыш-Ата, Беш-Арал).

Азыркы кезде кыргыздардын салттуу баш кийими «Ак калпакты» жана Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий