• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сүйүнчү! Ошто үч эм төрөлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Ош шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү, - деп кабарлашты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Наврузхан Х. эки уул жана бир кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Наристелердин биринчиси - 1 кг 770 грамм, экинчиси - 1 кг 690 грамм, үчүнчүсү - 2 кг 855 грамм (кыз).

Үч эмдин энеси Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын тургуну. Наврузхандын буга чейин дагы эки кызы болчу.

Жыл башынан бери Оштогу төрөт үйүндө алты үч эм жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий