• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүйүнчү пул өлкөнүн бардык аймактарында 4 миң сомдон берилет

Президент 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоону жакшыртууга багытталган.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам КР Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 29-мартында кабыл алынган.

2018-жылдын 1-январынан тартып «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бул Мыйзам балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөкпулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча дайындоого өтүүнү, жөлөкпулду ар бир үч жашка чейинки балага жана 3 жаштан 16 жашка чейинки үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө дайындоону камтыган. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү «балага сүйүнчүнү» берүүнү караган ченемден тышкары, 2018-жылдын 1- апрелине чейин узартылган. Себеби Мыйзамдын кээ бир ченемдерин кошумча иликтеп чыгуу зарылдыгы пайда болгон. Болжолдуу талдоо жаңы Мыйзам күчүнө киргенден тартып аз камсыз болгон бир же эки балалуу үй-бүлөлөр жөлөкпул алуу укугунан айрылып калаары тастыкталды. 16 миңдей аз камсыз болгонүй-бүлөлөрдөгү 30 миңден ашык бала 2018-жыл ичинде жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыга тургандыгын көрсөттү.

Мыйзамда төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

- 2018-жылдын 1-июлунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөгө жөлөкпул дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо пенсиянын бардык түрү эсепке алынбайт;

- 16 жашка чейинки балдарга «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун үй-бүлөнүн муктаждыгын эске алуу менен, киши башына кирешеси кепилденген минималдуу киреше өлчөмүнөн - 900 сомдон төмөн болгон үй-бүлөлөргө дайындоо;

- «балага сүйүнчү» - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 2018-жылдын

1-январынан тартып жаңы төрөлгөн балдардын баарына, алардын төрөлгөн жерине карабастан бирдей өлчөмдө – 4000 сомдон төлөп берүү каралган.

Ошондой эле Балдар жөнүндө кодекске, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал өзгөртүүлөрдө ишке кепилденген мамлекеттик социалдык стандарттарды мыйзамдуу бекитүү - ишке жарамдуу жана ишке жарамсыз жарандар каза болгон учурда расымдык жөлөкпулду аныктоону караган, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын даярдоо түрүндө активдүү мамлекеттик колдоо чараларын таркатууну расмий жумушсуздарга гана эмес, жумуш издеген жарандарга да кенейтүү ченемдери каралды.

Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий