• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент БУУдагы сүйлөгөн сөзүн эмне үчүн өзү жазган?

Президент 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү тууралуу айтып берди.

Президент сүйлөгөн сөзүн спичрайтерлер жазбаганын айтты.

“БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын “Жети өлчөп, бир кеспесем” болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе”, - дейт өлкө башчысы.

Эскертке кетсек, президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөгөн.

Пикир

Оставить комментарий