• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сүлүктүдөгү шахтада бир жаран көз жумду

Кырсык 0

БИШКЕК, 16.08.17. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-август күнү саат 18-30 чамасында Сүлүктү шаарындагы жабык турган “Ак-Жол” ЖЧК шахтасына кире берген жерде эч кимден уруксаатсыз, өз алдынча казуу жүргүзүп, көмүр издеген жаран урандынын астында калып каза болду.

Каза болгон 1980-жылы туулган Сапарбек Салямов, экскваторчу менен кошо 5 метрге казуу жүргүзгөн учурда көмүр көрүнгөн. Салямов чукурга түшүп, көмүрдү көрөм деген учурда жар урап, болжол менен 600 м3 уранды басып калган.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу, 50 шахтер жетип барып, эки оор техниканын жардамы менен, төрт саатка жакын убакыт урандыларды казып, Салямовдун жансыз денесин алып чыгышкан.

Окуя болгон шахта талаасына КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев барды.

Өкүл кырсык болгон жер кооптуу жана жабык шахта экендигине карабай, эч кандай эскертүүчү белгилердин коюлбагандыгын жана уруксааты жок, көмүр казып, тобокелчиликке барган жарандарды тартипке салбаган, шахталардагы коопсуздук эрежелерин текшерип, көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн тийиштүү бийлик өкүлдөрүн ишин катуу сындады.

Ушул эле күнү өкүлдүн тапшырмасы менен шаардын укук тартип, коопсуздук боюнча координациялык кеңеши өтүп, аймактагы шахталардын коопсуздугуна, жарандык коргонуу мыйзамынын негизинде кароо жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарында 150 кен казган ишканалар катталган. Бирок анын 31 гана иштейт. Ал эми жыл башынан бери бул шахталарда 9 адам ар кандай кырсыкка учурап каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий