• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада камалып калган төрт адамды куткарды

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Баткендин Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталарынын биринде эски тосмо урап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге шахтада беш адам калып калганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 13 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар төрт адамды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми бир адам куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча шахтадан чыгып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий