• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сүлүктүдө кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Сүлүктү шаарында чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн жаран кармалды, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Тажикстандын Согди облусунун Дж.Расулов районунун 1975-жылы туулган С.Н., аттуу тургуну Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жаткандыгын Сүлүктү ШИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкери аныктап кармаган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө үстүдө аталган жаран Сүлүктү шаарына Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү белгилүү болгон.

Бул факт Сүлүктү ШИИБне КР Кылмыш жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Азыркы учурда С.Н., убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий