• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сүлүктүдө мечиттин сейфин бузуп, 77 миң сомдон ашуун акчаны уурдап кеткен жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Сүлүктүдө мечиттин сейфин бузуп, 77 миң сомдон ашуун акчаны уурдап кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19нан 20-февралга караган түнү Сүлүктү шаарында жайгашкан “Нур-Вали” борбордук мечитинин эсепканасындагы темир сейфин белгисиз атуулдар бузуп, сейфтин ичиндеги 77 миңден ашуун акчасын уурдап кетишкен.

Бул факты Сүлүктү шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү делип Кулуңду айылдык базарынан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б.аттуу жараны аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жаран шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий