• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сүлүктүдө шахтада чыккан газдан улам 4 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында кечээ, 23-июнда "Кенчилер-Береке" фирмасынын шахтасында чыккан газдан улам 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 73, 37 жана 19 жаштагы 3 эркек жана 34 жаштагы бир аял киши газга ууланып каза болгон.

Жерине өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын моргуна жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий