• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүлүктүдө өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Сүлүктү шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо, аларга карата зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Сүлүктү ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, мектеп мугалимдери, соцпедагоктор жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери биргеликте жыйындарды уюштуруп, шаар аймагындагы турак үйлөрдү кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн абалы менен таанышып, тобокел топтогу, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөр, профилактикалык каттоодо турган жаш өспүрүмдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эске сала кетсек, жыл башынан бери Сүлүктү шаарында жалпысынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 5 факт катталып, анын ичинен 1 факт жаш өспүрүмгө карата зордук-зомбулук болгон.

Пикир

Оставить комментарий