• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Сүлүктү" көмүр шахтасы 1,5 млн долларлык инвестиция тартууга жетишти

Аймак 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров Сүлүктү шаарындагы жаңыдан инвестиция тартып, ишин жандандырып жаткан "Сүлүктү" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкана быйылкы жылы Кытай мамлекетинен 1,5 млн долларлык инвестиция тартууга жетишкен.

"Сүлүктү" көмүр шахтасы ири көлөмдөгү инвестиция тартуу менен техникаларын толугу менен жаңылоого, көмүр шахтасын кеңейтип, жаңы эки участкасын ачууга, көмүр өндүрүүнүн көлөмүн 20 миң тоннадан 50 миң тоннага көбөйтүүгө жана шахтерлордун маянасын эки эсеге көбөйтүп, алардын иштөөсү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, коопсуздугу толук сакталат.

Учурда ишканада инвестициянын алкагында жумуштар башталып, алгачкы техникалар алынып келинди.

Аталган көмүр шахтасында шаардын 50 тургуну жумуш менен камсыз болгон.

Сүлүктү шаарында бүгүнкү күндө 31 көмүр ишканасы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2018-жылдын жыйынтыгы менен бул ишканалар жалпы 126 миң тонна көмүр өндүрүүгө жетишкен. Кенчилер быйылкы жылы 130 миң тонна көмүр өндүрүүнү пландап жатат. Аталган көмүр шахталары 2018-жылы мамлекетке 97млн сом салык төлөшкөн.

Сүлүктү көмүрүнө болгон суроо талап жогору. Анткени Орто Азияда Сүлүктү көмүрү сапаты жагынан эң жогору бааланат. Өндүрүлгөн көмүр Баткен, Ош облустарынын аймагына, Тажикстан менен Өзбекстанга экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий