• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сүлүктү шаардык ИИБдин жетекчилиги жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги эл менен жолугушууларын улантууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Сүлүктү ШИИБнин начальниги М. Муратов катышып, жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн укту.

Сүлүктү шаарында коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууда милиция кызматкерлери ар кандай профилактикалык багыттагы иш-чараларды өткөрүп, эл менен тыгыз иш алып барып жатышкандыгы баса белгиленип, кеңири баяндамалар болду.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында талкуу жүрүп, коомчулук тарабынан сунушталган сунуштар эске алынды.

Сүлүктү ШИИБне 2020-жыл ичинде катталган кылмыштар менен жоруктардын бети өз убагында ачылып, профилактикалык иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий