• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сүлүктү шаардык ооруканасына УЗИ аппараты тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кечээ, 19-январда Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов, шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Мадаминов жана депутаттар шаардык ооруканага жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган УЗИ аппаратын тапшырды. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Сүлүктү шаарынын тургундарынын УЗИ (ультра добуштуу изилдөө) кызматына болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2021-жылдын декабрь айында мамлекеттик сатып алуу конкурсунун натыйжасында заманбап УЗИ аппараты алынган. Түзүлгөн келишимдин шарты боюнча бул аппаратты колдонуу үчүн оорукананын бир адисине Бишкек шаарында кыска мөөнөттүү окутуу да уюштурулган.

Андан сырткары, шаардык жетекчилик оорукананын бүгүнкү абалы – медкызматкерлердин иштөө шарттары, ооруканага кайрылган бейтаптарга болгон мамиле жана аларга түзүлгөн шарттар, имараттардын абалы, калктын ден соолугуна кам көрүүдө ишке ашырылган жана жүрүп жаткан иш-чаралар менен таанышып чыгып, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү тууралуу да маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө бүгүнкү күндө бар маселелердин чечүү жана ооруканага керектелүүчү медициналык аспаптарды кошумча алуу жолдору боюнча бир катар сунуштар да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий