• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүлүктү шаардык сотунда ачык эшиктер күнү өттү

Коом 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-майында Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун имаратында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Баткен гуманитардык экономикалык университетинин жана Сүлүктү гуманитардык экономикалык институтунун кесиптик орто билим берүү борборунун студенттери чакырылды.

Аталган окуу жайдын мугалими М. Шадиев жетектеп келген студенттерди Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Гуламидин уулу Элчибек жана Сүлүктү шаардык соттун судьясы Гүлзат Эрматовалар сот отурумунун залы, маалымат тактайы, соттун жүрүшү боюнча айтып берип, сотко арыз кандай жазылышы боюнча да маалымат беришти.

Ошондой эле, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий