• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сүлүктү шаарындагы көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Өлкөнүн эң алыскы аймагы катары саналган Сүлүктү шаарында энелер күнү белгиленди. Шаардык мэрия энелер күнүнүн урматына 150 энени чакырып, сый тамак уюштурду.

Чакырылган апалардын арасында көп балалуу баатыр энелер, эмгектин ардагерлери, социалдык жактан жардамга муктаж энелер,ар кайсы тармакта үзүрлүү эмгектенип, эс алууга чыккан энелер бар, деп кабарлады Баткен облусунун администрациясы.

Бул күнү Сүлүктү шаарындагы апаларды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров куттуктап, "Адам баласына өмүр тартуулаган апалардын, ар бир баланын адам болуп калыптанышында, үй бүлөнүн бакубатчылыгында жана өлкөнүн өсүп өнүгүүсүндө эмгеги эбегейсиз" – деп белгилеп, каалоо тилектерин айтуу менен, үч энеге "Баатыр эне" орденин, 9 энеге "Эне даңкы" медалын тапшырды.

Сүлүктү шаарында 2011-жылдан бери "Баатыр эне" ордени 94 энеге, "Эне даңкы" медалы 37 энеге ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий