• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүлүктү ШИИБдин каржы бөлүмүнүн башчысы 2,5 млн сом мыйзамсыз айлык алып жүргөн

Аймак 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Сүлүктүдө шаардык ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы өзүнө мыйзамсыз түрдө 2,5 млн сом өлчөмүндө көбөйтүлгөн айлык акыларды кошуп алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 млн 482 миң 586 сомду жана ШИИБнин башка кызматкерлерине 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды.

Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 млн 141 миң сомду түзгөн.

Бул фактылар боюнча Баткен областтык прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий