• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сүлөөсүндүн терисин саткан жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Ош облусунун Алай районунун Күн-Элек айылында сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн рейд учурунда белгилүү болду.

"Ага ылайык, 2017-жылдын 4-июнь күнү Алай районунун Күн-Элек айылында сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан жеринен Токоев Кенжебек аттуу жаран кармалды. Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспектору Б. Мансуров тарабынан тийиштүү акты, протоколдор толтурулду. Ал эми сүлөөсүндү аталган жаран капкан коюп кармаганы териштирүүдө аныкталды", - деп айтылат Мамэкотехинспекциянын билдирүүсүндө.

Учурда иш кагаздары толукталып, тийиштүү чара көрүү максатында материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий