• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сүмөлөктүн даамы Кыргызстанды эске салды. Берлинде Нооруз майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде жаздын символу болгон Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ага Германиянын ар кайсы федералдык аймактарынан келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын башында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, бакубаттуулуктун, тынчтыктын жана биримдиктин символу болгон Нооруз майрамынын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн Германия жергесинде мындай улуттук майрамды белгилөөнүн жакшы салтын уланта берүүгө чакырды.

Элчи Нооруздун урматына Германиядагы кыргызстандыктардын бир катар коомдук уюмдарына ийгиликтүү иштери үчүн элчиликтин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго атайын даярдалган майрамдык программа тартууланды.

"Улуттук кыргыз кийимдерин жана элечек кийген кыргыз аткаруучулары тарабынан тартууланган элдик "Аластоо" жөрөлгөсү иш-чарага катышкан германиялык жарандардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Келген конокторго кыргыздын улуттук ашканасынын тамактары коюлган майрамдык дасторкон жайылды. Элдик салтты улап, Нооруз майрамынын урматына элчилик тарабынан майрамдык сүмөлөк жасалып, анын даамы мекенибиз Кыргызстанды эске салды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы туризмди жана кыргыз маданиятын жайылтуу максатында "Ысык-Көлдүн түштүк жээги Этномаданий туристтик дестинация" коомдук уюмунун жетекчиси Жылдыз Асанакунова жибектен, кийизден жасалган жана сайма сайылган кыргыздын улуттук буюмдарынын көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмө коноктордун көңүлүн буруп, кыргыз маданиятын Германияда таанытууга салым кошту. Кыргызстан тууралуу кыскача туристтик фильм көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий