• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Үсөнбаев: 17-апрелде Түркиядан учуп келген КР жарандарынын арасында коронавирус жуктургандар болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Түркиядан учуп келген кыргызстандыктардын арасында коронавирус жуктургандар болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Түркиядан келген кыргызстандыктар лабораториялык изилдөөдөн өтүшкөн.

"Арасында коронавирус жуктуруп алгандыгы тастыкталган учурлар болгон. Илдетти жуктуруп алгандар ооруканада дарылануудан өтүүдө. Ал эми калгандарын да кайра текшерип, жыйынтыгы терс болгондон кийин үй карантинине чыгардык. Үй карантининде 14 күн медициналык кароодо болот. Мобилдик тиркеме менен да көзөмөлдөнүп жатат. 14 күн өткөндөн кийин кайра текшерүүдөн өтүшөт. Жалпылап айтканда 28 күн көзөмөлдө болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 19 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 631 учуру катталды. Алардын 162си медицина кызматкерлери. Стационарда 321 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 302 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий