• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үсөнбаев: №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери учурдагы обсервацияга жатууну каалаган эмес

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Коронавирусту 4 дарыгери жуктуруп алган №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башка кызматкерлери жакшы шарты бар обсервацияга жатууну каалаганын билдиришкен. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган дарыгерлер борборунун кызматкерлери учурдагы обсервацияга жатууну каалаган эмес.

"Мындан улам кечээ мейманкананын бөлмөлөрүн ижарага алуу жана ага акча бөлүү маселесин чечүүдө тоскоолдук болгон. Бирок маселе чечилди. Алар мейманканага обсервацияга киргизилди. Учурда эпидемиологиялык иликтөө дайындалды. Үй-бүлөлүк медицина борборунун бардык кызматкерлери текшерүүдөн өтөт. Медицина борборунун имаратында дезинфекциялоо иши жүргүзүлөт", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 18-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 506га жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкери. Коронавирустан 130 жаран айыкса, беш адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий