• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Үсөнбаев Бишкектин №1 ооруканасынын дарыгерлеринин кошумча төлөмдөр жана коргонуучу каражаттардын жоктугу боюнча даттануусуна жооп берди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.05.20 /Кабар/. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин кошумча төлөмдөр жана жеке коргонуучу каражаттар боюнча даттануусуна жооп берди.

Анын айтымында, кампаларда 7 миң 280 беткап, 60 бир жолу кийилүүчү костюмдар, 10 көп жолку кийилүүчү коргонуучу костюмдар, 180 респиратор, 32 көз айнек, 4 миң 600 даана колкап, 380 литр дезинфекциялоочу каражаттар бар.

“Зарыл болсо дагы керектүү каражаттар бөлүнөт. Мындан тышкары ооруканалардын администрацияларына акча каражаттары бөлүнгөн. Зарыл болгон нерселерди ошол каражаттын эсебинен сатып ала алышат. Ал эми кошумча төлөмдөр боюнча айта кетсем, эгер медициналык мекеме коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө тартылбаса, эгер оорукана ал бейтаптар үчүн багытын өзгөртпөсө жана кошумча акы төлөнө турган мекемелердин тизмесине киргизилбесе, анда ал мекемелерге кошумча акы каралган эмес. Кошумча төлөмдөр өкмөттүн токтому жана Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен белгиленген критерийлерге ылайык гана берилет. Эгерде бул суроого терең жооп талап кылынса, анда Саламаттык сактоо министрлигине кайрылууга болот”, - деп түшүндүрдү Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий