• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үсөнбаев коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган бейтаптардын дарылануусу кандай жүрүп жактанын айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган бейтаптардын дарылануусу кандай жүрүп жактанын айтып берди.

Анын айтымында, коронавирустун белгилери байкалбаган формалары конкреттүү дарыланууну талап кылбайт.

"Ушул убакытка чейин биздин негизги милдетибиз болуп коронавирус аныкталган адамдарга байкоо жүргүзүү. Оорунун белгилери байкалбагандыгына карабастан биз аларды ооруканга алып келип, вирус катталбай калган учурга чейин байкоо жүргүзөбүз. Андан кийин биз аларды үй карантинине чыгарып жаттык", - дейт ал.

Үсөнбаев Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлгөн жоопкерчилик күчөп баратканын айтат.

"Биз баарын карап чыгып, алгоритм иштеп чыктык. Ага ылайык, оорунун белгилери байкалбаган жарандарды үй изоляциясына алып, байкоо жүргүзүү", - деп белигилеп кетти ал.

Пикир

Оставить комментарий