• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Үсөнбаев: Кыргызстанда 649 жасалма дем алуу аппараты бар, анын ичинен 365и иштейт

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 649 жасалма дем алуу аппараты бар, анын ичинен 365и иштейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага Кыргызстанда канча жасалма дем алуу аппараты бар жана бул күнгө чейин канча аппарат сатып алынды деген суроо узатылды.

"Кыргызстанда 649 жасалма дем алуу аппараты бар, анын ичинен 365и иштейт. Дагы кошумча 80 аппарат талап кылынууда. Ушул күнгө чейин 2 эл аралык фонддун жардамы менен өлкөгө 4 жасалма дем алуу аппараты сатып алынган. Алардын бирөө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, бир аппарат Баткен облусуна, бирөөсү Токмок шаарына жана бир аппарат Жалал-Абад шаарына берилген", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий