• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үсөнбаев: Кыргызстанда коронавирус илдети жогорку чегине жетти деп айтуу өтө кыйын

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирус илдети жогорку чегине жетти деп айтуу өтө кыйын. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус жуктуруу деңгээли туруктуу негизде жүрүп жатат.

"Жарандар күнүнө 20-30дан илдетти жуктуруп жатса, бүгүн 13 адам жуктурду. Эпидемиологиялык көзөмөл катуу тартипте жүргүзүлүп, оорулуулардын саны жогорулап кеткен жок. Ушул деңгээлде кармап турушубуз керек. Бара-бара оорулардын саны азайып кетет деген божомолдорубуз бар. Байланышта болгондордун бирин да калтырбай таап чыгып, медкөзөмөлдү жүргүзүү керек", - дейт ал.

Үсөнбаев бейтаптардан эки ирет анализ алынып, жыйынтыгы таза чыкса үй карантинине кое берилип жатканын айтат.

"Эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Өзгөчө абал режиминин айрым талаптары алына баштаганда жарандарыбыздын көбү көчөгө чыгып жатышат. Кайрадан тартипти күчөтүшүбүз керек. Аралыкты сактабай жатабыз. Байланышта азайтышыбыз керек болуп жатат", - деп белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 217си медицина кызматкери. Илдеттен 600 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий