• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үсөнбаев: Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын санынын артышы 20-24-апрелге туура келет деп болжолдонууда

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын санынын артышы 20-24-апрелге туура келет деп болжолдонууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги медициналык окуу жайдын мугалимдеринен жана эксперттерден турган божомол жүргүзүү боюнча топ түзүп, алар дүйнөдөгү абалды жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды байкоого алышууда.

"Азыр эксперттер коронавирус жуктургандардын санынын артышы 20-24-апрелге туура келет деп болжолдоп жатат. Илдетти жуктургандардын санынын артышынан кийин алардын саны азая баштайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий