• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үсөнбаев: Түркиядан келген 211 жарандын үй карантининин талаптарын сактап жатканы атайын тиркеме менен көзөмөлдөнүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Түркиядан учуп келген жарандардын үй карантининин талаптарын сактап жатканы атайын тиркеме менен көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымымында, Түркиядан "Стамбул-Бишкек" авиакаттамы менен 211 кыргызстандык учуп келген.

"Түркиядан учуп келген 211 жаран лабораториялык изилдөөдөн өтүп, анализдеринин жыйынтыгы таза чыккандан кийин баары үй карантинине чыгарылды. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анкеталар толтурулду. Ошондой эле үй карантинине чыгарылган жарандардын мобилдик телефондоруна атайын тиркеме жүктөлгөн. Тиркеме аркылуу алардын кыймыл-аракети көзөмөлдөнөт", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий