• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үсөнбаев Таласка коронавирус кантип киргенин жана жаңы катталган 2 учур туурасында айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Талас облусунда коронавирус илдети катталган эмес.

"Бирок жарандар кыймылда болуп, облус аймагына кирип-чыккандар көп болгондуктан коронавирус инфекциясын облустагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген медкызматкер жуктуруп алган. Анын анализдери лабораториялык текшерүүдөн өтүп, илдет жуктуруп алганы тастыкталды. Таласта эпидемиологиялык изилдөөлөр дагы деле жүргүзүлүүдө. Жаңы катталган 2 учурдун бирөөсү медкызматкердин жолдошу. Экинчи учуру анын кошунасынан чыкканы аныкталды. Коронавирусту жуктурган медкызматкер жашаган жериндеги 5 адам менен байланыш түзгөн. Ошондой эле иштеген жеринде 17 кызматкер менен, баарын изилдеп чыксак 98 адам менен байланышта болгону тастыкталды", - дейт ал.

Үсөнбаев аралыкты сактабасак байланыштын айынан жүздөгөн адамга илдет жугушу мүмкүн экендигин айтат.

Белгилей кетсек, 11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2129 учур катталды. Алардын ичинен 419у медицина кызматкери. Илдеттен 1630 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий