• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үсөнбаев: Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

«Бүгүн биз чартердик каттамдарды күтүп алабыз. Бир нече күндүн ичинде өлкөгө эки миңге жакын мекендешибиздин келүүсү күтүлүүдө. Алардын баары обсервацияга жаткырылып, дыкат медициналык текшерүүдөн өтөт. Эгерде анализдин жыйынтыгы терс чыкса, анда биз аларды үй карантинине коё беребиз жана медициналык жактан көзөмөл жүргүзүп турабыз», - дейт ал.

Кыргызстанда бүгүн, 15-майда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учур аныкталып, жалпы өлкө боюнча 1 миң 111 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 248и медицина кызматкерлери. 745 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды, ал эми он төрт адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий