• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сүрөтчү Койчуманов топурак менен КРнын белгилүү инсандарынын сүрөтүн түшүрдү

Маданият 0


Бишкек, 15.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов белгилүү кинематографисттер Төлөмүш Океев жана Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүн топурактын жардамы менен тартты.

“Кабар” агенттигине сүрөтчү өзү билдиргендей, ал муну 17-ноябрда белгилене турган кыргыз киносунун күнүнө карата уюштурган.

Койчумановдун айтуусуна караганда, сейрек кездешүүчү картиналар баштапкы баасы 50 миң сом менен аукционго коюлуп, андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалмакчы.

Сүрөтчү эмне үчүн Океев менен Чокморовду тарткандыгы тууралуу айтып берди.

“Айрыкча ушул чыгармачыл инсандар мага жакын болчу, ошондуктан мен алардын бейнесин түшүрдүм”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий