• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сүрөтчүлөр арасында өткөн күзгү-кышкы көргөзмө жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда бир катар сүрөтчүлөргө жыл сайын өтүүчү күзгү-кышкы сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү жыйынтыкталып, жеңүүүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, көргөзмө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, өлкөнүн жашоо турмушун чагылдырган көргөзмөлөр байма-бай Г. Айтиев атындагы кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде мамлекеттик деңгээлдеги өткөн ири иш-чараларда элге сунушталып келди.

Министр бардык сүрөтчүлөрдү келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле ар бир сүрөтчүнүн эмгектери жеке гана Кыргызстанда гана эмес, дүйнө кыдырып, ири көргөзмөлөрдө коюулуп жаткандыгын белгилеп, мисал катары жакында эле "Дубай- ЭКСПО-2021” иш-чарасында Кыргызстандын улуттук күнүн ачылышында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынгандыгы тууралуу белгилеп өттү.

Мындан сырткары, министр өз сөзүндө мамлекеттик деңгээлдеги өтүп жаткан иш-чараларда алардын эмгектери үчүн атайын орун берилип, иш-чаралар сүрөт көргөзмө коштолуп жаткынын жана ал уланаарын билдирди.

Жолгушууда түстүү боек менен үнү жок адамдарды арбап, жаратылыштан баштап, коомдогу болуп жаткан окуяларды сүрөткө түшүрүү менен элдин үнүн кеңири коомчулукка жеткирүүдө да чоң ролду ойноп жаткандыгы айтылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев да катышып, мындай демилгелүү иш-чара сүрөтчүлөргө дем берип, жаңы эмгектерди жаратууга шык берет деп белгиледи.

Жыйынтында көргөзмөнүн 1-2 жана 3- орундарынын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн 30 жылдыгына арналып даярдалган юбилейлик медалдар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий